Жаңалықтар

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ : «УЛУУ ТАЛААНЫН ЖЕТИ КЫРЫ»

420

Мейкиндик – бардык нерсенин, ал эми убакыт – бүткүл окуялардын өлчөмү. Убакыт менен мейкиндиктин горизонттору тогошкон кезде улут тарыхы башталат. Бул жөн гана кооз афоризм эмес. Чындап эле, немистердин, италиялыктардын же индиялыктардын тарыхына көз жүгүртө турган болсок, алардын миңдеген жылды камтыган өтмүшүндөгү улуу жетишкендиктери менен бул элдер азыр мекендеген аймактарынын катыштыгы тууралуу суроонун туулушу табигый нерсе. Албетте, байыркы Рим мамлекети азыркы Италия эмес, бирок италиялыктарөздөрүнүн көп жылдык тарыхы менен мактана алышат. Бул – орундуу мактаныч. Ошол сыяктуу эле, байыркы готтор менен бүгүнкү немистер дабир эл эмес, бирок алар да Германиянын бай тарыхый мурасынын бир бөлүгү. Полиэтникалык бай маданияты бар байыркы Индия менен бүгүнкү индиялыктарды тарых толкунунда үзгүлтүксүз өнүгүп келе жаткан уникалдуу цивилизация катары кабылдаса болот. Бул – тарыхка болгон туура позиция. Ушундай жол аркылуу түп-тамырыбызды билүүгө, улуттук тарыхыбызга терең үңүлүп, анын күрмө түйүнүн чечүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Казакстан тарыхы да өзүнчө үзүндүлөрүнө эмес, бир бүтүндөй калыбына азыркы замандын илимий ракурсунан караганда түшүнүктүү болууга тийиш. Ага керектүү булактарыбыз да жетиштүү. Биринчиден, кошкон салымдары тууралуу төмөндө сөз боло турган протомамлекеттик бирикмелердин көпчүлүгү азыркы Казакстандын аймагында куралып, казак улутунун этногенезинин негизги элементтерин түзүп турат.

Экинчиден, биз сөз кыла турган зор маданий жетишкендиктердин топтому аймагыбызга сырттан келген жок, тескерисинче, көпчүлүгү ушу кеңири өлкөдө пайда болуп, андан кийин Батыш менен Чыгышка, Күӊгөй менен Тескейге тараган.

Үчүнчүдөн, кийинки жылдары табылган тарыхый эстеликтер биздин бабаларыбыздын өз заманындагы эң алдыӊкы, эң мыкты технологиялык жаңылыктарга тикеден-тике тиешеси бар экенин тастыктайт. Бул эстеликтер улуу талаанын дүйнөлүк тарыхтагы ордуна жаӊы көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк берет. Казактын кээ бир уруу, уруктарынын аталыштары «казак» этнониминен бир канча кылым мурун эле белгилүү болгон. Ушунун өзү биздин улуттук тарыхыбыздын горизонту буга чейин айтылып жүргөн мезгилден кыйла мурунку убактарда жатканын айгинелеп турат. Европоцентристтик көз караш сактар менен гундар жана башка бүгүнкү түрк элдеринин түпкү бабалары болуп саналган этностук топтор биздин улутубуздун тарыхый этногенезинин ажырагыс бөлүгү болгондугу тууралуу четке каккыс фактыларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Ошону менен бирге, узак убакыттан бери биздин жерибизде өмүр сүрүп келе жаткан көптөгөн этносторго орток Казакстан тарыхы тууралуу сөз болуп жатканын айтып өткөнүбүз оӊ. Бул – түрдүү этностордун көптөгөн көрүнүктүү инсандары өз үлүштөрүн кошкон бүткүл элибиздин орток тарыхы. Бүгүнкү күнү өз тарыхыбызга оң көз караш керек. Бирок кандайдыр бир тарыхый окуяны тандама (субъективдүү) жана конъюнктуралык позициядан гана сыпаттоо менен чектелүүгө болбойт. Ак менен кара – бири-биринен ажырабай турган түшүнүктөр. Булар өз ара бириккенде жеке адамдардын да, бүтүндөй элдердин да өмүрүнө кайталангыс түс берет. Биздин тарыхыбызда түйшүктүү учурлар менен кайгылуу окуялар, аёосуз согуштар менен кагылышуулар, жалпы эл үчүн кооптуу сынактар менен саясий куугунтуктоо-сүргүндөр көп эле болду. Муну унутууга акыбыз жок. Көп кырдуу, ары масштабдуу тарыхыбызды жакшы түшүнүп, кабылдай билүүбүз керек.

Биз башка элдердин ролун төмөндөтүп, өзүбүздүн улуулугубузду көрсөтөлү деп жаткан жерибиз жок. Эң башкысы, биз чыныгы илимий булактарга таянып, дүйнөлүк тарыхтагы өз ролубузду жакшы түшүнүүгө тийишпиз.

Эми Улуу талаанын жети кырына токтололу.

I. УЛУТ ТАРЫХЫНДАГЫ МЕЙКИНДИК МЕНЕН УБАКЫТ

Биздин мекенибиз материалдык маданияттын көптөгөн байлыктарынын пайда болгон жери, башаты десек, аша чапкандык болбойт.

Азыркы коом турмушунун ажырагыс бөлүгүнө айланган көптөгөн буюмдар учурунда биздин өлкөбүздө ойлоп табылган. Улуу талааны мекендеген байыркы адамдар көптөгөн техникалык жаңылыктарды ойлоп таап, мурункийин колдонулбаган жаңы куралдарды жасашкан. Буларды адамзат баласы жер жүзүнүн ар тарабында азыркыга чейин пайдаланып келет. Байыркы жылнаамалар бүгүнкү казактардын түпкү бабалары чексиз Евразия материгиндеги саясий жана экономикалык тарыхтын багытын далай ирет түп-тамырынан бери өзгөрткөнү тууралуу кабар берет.

1. Атка минүү маданияты.

Атка минүү маданияты менен жылкы чарбачылыгы жер жүзүнө Улуу талаадан тараганы тарыхтан белгилүү. Мекенибиздин түндүк аймагындагы энеолит дооруна таандык «Ботай» конушунда жүргүзүлгөн казуу иштери жылкынын алгач ирет азыркы Казакстан аймагында колго үйрөтүлгөнүн далилдейт. Жылкыны колго үйрөтүү аркылуу биздин ата-бабаларыбыз өз доорунда адам оюна келгис үстөмдүккө ээ болгон. Ал эми дүйнөлүк масштабда алсак, чарбачылык менен аскердик тармактагы теңдешсиз революцияга жол ачкан. Жылкынын колго үйрүтүлүшү атка минүү маданиятынын да негизин түзгөн. Бардык курал-жарагын асынган атчан аскер айбаттуу көчмөндөрдүн империялары тарых сахнасына чыккан доордун символуна айланган. Туу кармаган атчан жоокердин бейнеси – баатырлар заманынын эң таанымал эмблемасы, аны менен катар, атчан аскердин пайда болушу менен түптөлгөн көчмөндөр ааламынын «маданий кодунун» өзгөчө элементи.

Автотранспорт моторлорунун кубаты азыркыга чейин аттын күчү менен өлчөнүп келет. Бул салт – жер жүзүндө атчандар үстөмдүк кылган улуу доорго болгон сый-урматтын белгиси. Биз ааламдын бардык булуңуна байыркы казак жергесинен тараган ушундай улуу технологиялык революциянын жемишин адамзат баласы ХIХ кылымга чейин пайдаланып келгенин унутпашыбыз керек. Азыркы кийим үлгүсүнүн негизги компоненттери тала цивилизациясынын алгачкы мезгилдеринен тамыр алат. Атка минүү маданияты атчан жоокердин ыӊгайлуу кийим үлгүсүн дүйнөгө берди. Ат үстүндө жүргөндө ыңгайлуу болушу үчүн ата-бабаларыбыз алгач ирет кийимди үстүңкү жана астыӊкы деп экиге бөлгөн. Ошентип байыркы шымдын алгачкы үлгүсү пайда болгон. Бул нерсе атчан адамдардын ат үстүндө ойноосуна, салгылашуу учурунда эркин кыймылдоосуна мүмкүнчүлүк берген. Талаа тургундары териден, кийизден, кендир менен жүндөн, кенептен шым тиккен. Ошондон бери миӊдеген жыл өтсө да, кийимдин ушул түрү өзгөрүп кеткен жок. Казуу иштеринин учурунда табылган байыркы шымдардын азыркы шымдардан эч айырмасы жок.

Ошону менен катар, бүгүнкү өтүктөрдүн бардык түрү көчмөндөр атка мингенде кийген жумшак такалуу кончтуу өтүктүн «мураскерлери» экени белгилүү. Ат үстүндө жүргөн көчмөндөр астындагы шай күлүгүнө болушунча эркин минип жүрүш үчүн бийик ээр токум менен үзөңгүнү ойлоп табышкан. Бул жаңылык атчан адамдын ат үстүндө каккан казыктай бекем отурушуна, ошону менен бирге чаап бара жатып, колундагы курал-жарагын эч кыйынчылыксыз жана болушунча ыӊгайлуу колдонуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн. Бабаларыбыз чапкан аттын үстүнөн жаа тартууну болушунча өркүндөткөн. Ошого байланыштуу курал-жарактын түзүлүшү да өзгөрүп, татаал конструкциялуу, ыңгайлуу жана кыйла кубаттуу боло түшкөн. Жаа огуна куш канаты тагылып, металл менен учталган жебе болот чопкутту тешип өтө турган соот тешерге айланган. Казакстан аймагында өмүр сүргөн түрк уруулары ойлоп тапкан дагы бир технологиялык жаңылык – бул кылыч. Анын октой түздүгү же ийилген жүзү – анын өзгөчө белгиси. Бул курал эң маанилүү жана кеңири тараган согуш куралына айланган. Аскер менен анын минген атын коргоого арналган соотту да алгач ирет биздин бабаларыбыз жасаган. Евразия көчмөндөрүнүн өзгөчө маанилүү аскердик жаңылыгы катары каралган толугу менен темир капталган атчан аскер ушинтип пайда болгон. Ок атуучу курал пайда болуп, жапырт колдонууга киргенге чейин аттуу аскердин өнүгүүсү биздин заманга чейинки I миң жылдык менен биздин замандын I кылымынын арасында көчмөндөрдүн узак убакыт бою мурун-кийин болуп көрбөгөн аскердик үстөмдүк орнотуусун камсыздаган куралдуу бөлүктүн өзгөчө түрү – айбаттуу атчан аскердин калыптануусуна таасир эткен.

2.Улуу талаадагы байыркы металлургия.

Металл өндүрүүнүн ыкмаларын табуу тарыхтын жаңы дооруна жол ачып, адамзат өнүгүүсүнүн багытын түп-тамырынан бери өзгөрттү. Көптөгөн металл кендерине бай казак жери – металлургия пайда болгон алгачкы борборлордун бири. Байыркы заманда эле Казакстандын Орто, Түндүк жана Чыгыш аймактарында тоо-кен өндүрүшүнүн очоктору пайда болуп, коло, жез, цинк, темир, күмүш менен алтын эритмелери алына баштаган. Ата-бабаларыбыз жаңы, болушунча бекем металлдарды өндүрүү ишин өркүндөтүп, алардын технологиялык жактан тез өнүгүшүнө шарт түзгөн. Казуу иштеринин учурунда табылган металл эрите турган мештер менен колго жасалган зер буюмдар, байыркы доордун тиричилик буюмдары менен курал-жарактары бул тууралуу кеңири маалымат берет. Ушунун бары байыркы замандарда биздин жерибиздеги талаа цивилизациясы технологиялык жактан канчалык күчтүү өнүккөнүн көрсөтүп турат.

3.Жаныбар стили

Биздин ата-бабаларыбыз курчап турган чөйрө менен гармонияда өмүр сүрүп, өздөрүн табияттын ажырагыс бөлүгү деп эсептеген. Бул рационалдуу турмуш принциби Улуу талааны мекендеген элдердин дүйнө таанымы менен баалуулуктарын калыптандырган. Өз жазуусу менен мифологиясы бар Казакстандын байыркы тургундарынын өнүккөн маданияты болгон. Алардын мурасынын жаркын көрүнүшү, көркөм болмушу менен руханий байлыгынын көрүнүктүү белгиси – «жаныбар стили» деп аталган өнөрчүлүк. Жаныбарлар бейнесин турмушта пайдалануу адам менен табияттын өз ара байланышынын символуна айланып, көчмөндөрдүн руханий багытын аныктаган. Алар жырткычтардын, негизинен, мышык тукумуна кирген жаныбарлардын сүрөтүн көбүрөөк колдонгон. Эгемен Казакстандын символдорунун бири – жергиликтүү жаныбарлар дүйнөсүндө сейрек кездешкен турпаты тектүү ак илбирс экени бекеринен эмес.Анан да, жаныбар стили бабаларыбыздын өзгөчө жогору өндүрүштүк тажрыйбасы болгонун көрсөтүп турат. Алар оюу менен чагылдырууну, металл менен иштөөнүн техникасын, анын ичинде, жез менен колодон эритме жасоонун жана куймаларды куюунун, жука жайма алтын жасоонун ыкмаларын мыкты өздөштүргөн. Жалпысынан алганда, «жаныбар стили» деген феномен дүйнө кол өнөрчүлүгүндөгү бийик белестердин бири болуп саналат.

4. Алтын адам

Биздин түп-тамырыбызга жаңыча көз караш менен кароого жол ачып, дүйнөлүк илим үчүн сенсация болгон жаңылык – 1969-жылы Казакстанда табылган жана өнөр таануучу окумуштуулар арасында «казакстандык Тутанхамон» деген атка конгон «Алтын адам». Бул жоокер көптөгөн сырдуу жагдайлардын бетин ачты. Биздин бабаларыбыз азыркы күнгө чейин өзүнүн өзгөчө көркөмдүгү менен тамшандыра турган өтө жогорку деңгээлдеги көркөм буюмдарды жасашкан. Жоокердин алтын менен капталган кийимдери байыркы чеберлердин алтын иштетүү техникасын мыкты өздөштүргөнүнөн кабар берет. Ошону менен бирге, бул жаңылык талаа цивилизациясынын зор кубаты менен эстетикасын айгинелей турган бай мифология менен тааныштырды. Талаа эли өз көсөмүн ушинтип кадырлап, анын мартабасын күн сымал кудуреттүү деңгээлге жеткирип, даңазалаган. Көрүстөндөгү шан-шөкөттүү жасалга-жабдыктар байыркы бабаларыбыздын интеллектуалдык салттарынан да мол кабар берет. Жоокердин жанынан табылган күмүш кеселердин биринде оюп жазылган тамгалар бар. Бул – Орто Азия аймагынан мурун- кийин табылган жазууга байланыштуу табылгалардын ичинен эң байыркысы.

5. Түрк дүйнөсүнүн бешиги

Казактардын жана Евразиянын башка элдеринин тарыхында Алтайдын орду өзгөчө. Ушундай бийик тоолор кылымдар бою Казакстан жеринин таажысы гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн бешиги болуп келген. Дал ушул аймакта биздин замандын I миң жылдыгынын орто ченинде Түрк дүйнөсү пайда болуп, Улуу талаа үстүндө жаңы мезгил башталган. Тарых менен география түрк мамлекеттери менен улуу көчмөн империяларынын бири-бири менен болгон тыгыз байланышынын өзгөчө моделин калыптандырган. Бул мамлекеттер узак убакыт бою бири-бирин алмаштырып, орто кылымдагы Казакстандын экономикалык, саясий жана маданий турмушунда өзүнүн өчпөс изин калтырган. Өтө чоң мейкиндикти өздөштүрө алган түрктөр чексиз талаада көчмөн жана отурукташкан цивилизациянын өз үлгүсүн калыптандырып, өнөр менен илимдин жана дүйнөлүк сооданын борборуна айланган орто кылым шаарларынын гүлдөшүнө шарт түзгөн. Мисалы, орта кылымдагы Отрар шаары дүйнөлүк цивилизациянын улуу ойчулдарынын бири – Абу Насыр Аль-Фарабини дүйнөгө алып келсе, түрк элдеринин руханий көч башчыларынын бири Кожа Ахмет Ясави Түркстан шаарында өмүр сүрүп, илим тараткан.

6. Улуу Жибек жолу

Мекенибиздин географиялык жактан ыңгайлуу, б.а., Евразия материгинин так ортосунда орун алуусу байыртадан ар түрдүү мамлекеттер менен цивилизациялардын ортосунда транзиттик «коридорлордун» пайда болуусуна өбөлгө түзгөн. Биздин замандан баштап бул кургактагы жолдор Улуу Евразиянын Чыгышы менен Батышынын, Түндүгү менен Түштүгүнүн ортосундагы соода жана маданият тармагындагы байланыштардын трансконтиненталдык тармагына – Улуу Жибек жолунун системасына айланган. Бул жол элдердин ортосундагы дүйнөлүк өз ара товар айлануусу менен интеллектуалдык шериктештигин калыптандырып, өнүгүүсү үчүн мыкты платформа болуп берген. Кербен жолдорун кынтыксыз уюштуруп, коопсуздугун камсыздаган Улуу талаа эли байыркы жана орто кылымдардагы өзгөчө маанилүү соода байланыштарынын көрөгөч даанакери болуп саналган. Талаа тармагы Кытай, Индия, Персия, Жер ортолук деңиз, Жакынкы Чыгыш жана славян цивилизацияларын байланыштырган.

Алгач пайда болгон учурдан баштап, Улуу Жибек жолунун картасы, негизинен, түрк империяларынын аймагын камтыган. Орто Евразияда түрктөр үстөмдүк курган мезгилде Улуу Жибек жолу гүлдөгөн чегине жетип, эл аралык масштабдагы экономиканы өркүндөтүүгө жана маданиятты өнүктүрүүгө өз салымын кошкон.

7. Казакстан – алма менен кызгалдактын мекени

Бийик Ала-Тоонун этектери алма менен кызгалдактын «тарыхый мекени» экени илимий жактан далилденген. Жөнөкөй, бирок бүткүл дүйнө үчүн өзүнүн мааниси зор бул өсүмдүктөр ушул жерде бүчүр байлап, жер жүзүнө тараган. Казакстан азыр да дүйнөдөгү алма аттуунун түпкү атасы – Сиверс алмасынын мекени болуп саналат. Дал ушул сорт эң көп тараган жемишти дүйнөгө тартуулаган. Баарыбыз билген алма – биздеги алманын генетикалык бир түрү. Ал Казакстан аймагындагы Иле Ала-Тоосунун этектеринен Улуу Жибек жолунун илгерки багыты аркылуу алгач Жер ортолук деңизге, кейинчерээк бүткүл дүйнөгө тараган. Ушул таанымал жемиштин терең тарыхынын символу катары өлкөбүздүн түштүгүндөгү эң кооз шаарлардын бири Алматы деп аталган. Казакстан аймагындагы Шу (Чу), Иле тоолорунун этегинен азыркы күнгө чейин жергиликтүү өсүмдүктөр дүйнөсүнүн бермети болуп саналган Регель кызгалдактарын баштапкы абалында кездештирүүгө болот. Бул кооз өсүмдүктөр биздин жерибизде Тянь-Шань тоолорунун этеги менен жарым чөлдүү талаа бири-бирине тийишкен жеринде пайда болгон. Казак топурагындагы ушундай жөнөкөй, ошол эле учурда өзгөчө гүлдөр өз кооздугу менен көптөгөн элдин жүрөгүн багындырып, бир-бирден бүткүл дүйнөгө тарайт. Бүгүнкү күндө жер жүзүндө кызгалдактын 3 миңден ашуун түрү бар, алардын басымдуу көпчүлүгү – биздин талаа кызгалдагынын «урпагы». Азыр Казакстанда кызгалдактын 35 түрү өсөт.

***

II. ТАРЫХЫЙ АҢ-СЕЗИМДИ ЖАҢЫРТУУ

Көтөрүлгөн маселелер ар тараптуу ой элегинен өткөрүлүп, терең изилдөөгө муктаж. Ошондой эле, биздин дүйнө таанымыбыздын, элибиздин өтмүшү менен бүгүнкүсүнүн жана болочогунун негизги жагдайларына тикеден-тике тиешеси бар.

Бул ишти бир нече ири долбоор менен баштоого болот деп ойлойм.

1.Архив – 2025

Эгемендүүлүк жылдарында элибиздин өтмүшүн изилдөөгө байланыштуу масштабдуу иш-чаралар аткарылды. Элибиздин тарыхый жылнаамасындагы актай барактарды кайра калыбына келтирүүгө өбөлгө түзгөн «Маданий мурас» программасы ийгиликтүү ишке ашырылды. Бирок ата-бабаларыбыздын өмүрү менен алардын ажайып цивилизациясы жөнүндөгү көптөгөн даректүү булактар, али да болсо, илимий оборотко кирген жок. Алар дүйнөнүн ар кыл архивдеринде өз изденүүчүсү менен изилдөөчүсүн күтүп жатат. Андыктан байыркы доордон азыркы заманга чейинки мезгилди камтый турган бардык ата-мекендик жана чет элдик архивдер дүйнөсүнө ири, капиталдуу изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн «Архив – 2025» жети жылдык программасын кабыл алуубуз зарыл деп эсептейм. Бул долбоорду жүзөгө ашыруу учурунда тарыхчылардан, булак таануучулар менен маданияттануучулардан куралган атайын топтордун ата- мекендик жана чет элдик ири архивдер менен өз ара пайдалуу, системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкта болуп, иликтөө иштерин жүргүзүүсүнө өзгөчө көңүл буруу абзел. Кандай болсо да, бул маанилүү иш мамлекет эсебинен каржылана турган «академиялык туризмге» айланбашы керек. Архивдик документтерди жөн гана жыйнап коюу менен чектелбестен, бардык кызыккан изилдөөчүлөргө жана калың журтчулукка жеткиликтүү болуусу үчүн аларды жигердүү түрдө цифралык форматка өткөрүү кажет. Өз тарыхы менен сыймыктануу сезимин калыптандырып, мекенчилдик тарбия берүү иши мектеп дубалдарынан башталууга тийиш. Андыктан өлкөбүздөгү бардык мектептердин жана край таануу музейлеринин базасында тарыхый-археологиялык кыймылдарды түзүү маанилүү. Улут тарыхын аң-сезимге сиңирүү иши бардык казакстандыктарда өз башаттарына карата ортоктук, жалпылык сезимин калыптандырат.

2. Улуу талаанын улуу ысымдары

Тарыхый процесстер, негизинен, көпчүлүктүн аң-сезимин калыптандыра турган сыпатка ээ экендиги белгилүү. Көптөгөн элдер өз элинин өзгөчө элчиси сыяктуу болуп калган улуу бабаларынын ысымдары менен сыймыктанат. Мисалы, өткөн доорлордогу Тутанхамон, Конфуций, Искендер Зулкарнайн, Шекспир, Гёте, Пушкин жана Жорж Вашингтон сыяктуу дүйнө жүзүнө белгилүү инсандар бүгүнкү күндө «өз мамлекеттеринин» баа жеткис символдук капиталы болуп саналат жана ошол элдердин эл аралык аренада жакшы багытта алгалоолоруна өбөлгө түзүп берет. Улуу талаа Аль-Фараби менен Ясави, Көлтегин менен Бейбарс, Аз- Тауке менен Абылай, Кенесары менен Абай жана башка да көптөгөн улуу инсандарды дүйнөгө берген. Андыктан биз, биринчиден, атактуу тарыхый инсандарыбыздын жана алардын жетишкендиктеринин урматына ачык асман астында эстелик-айкелдер тургузула турган «Улуу талаанын улуу ысымдары» деген аталыштагы окутуучу-агартуучу энциклопедиялык парк ачуубуз керек.

Экинчиден, максаттуу мамлекеттик тапшырманы уюштуруу аркылуу азыркы адабияттагы, музыка менен театр тармагындагы жана сүрөт искусствосундагы улуу ойчулдар, акындар жана эл башкарган инсандардын бейнесинин мыкты галереясын ачууну колго алуу кажет. Ошондой эле, бул жерде классикалык калыптан тышкары, альтернативалуу жаштардын өнөрүнүн креативдүү потенциалын да пайдалануунун мааниси зор. Аны менен бирге, бул ишке ата-мекендик гана эмес, алар менен бирге чет элдик чеберлер менен чыгармачыл топторду да тартуу максатка ылайык.

Үчүнчүдөн, элибиздин тарыхый доорлорун кеңири камтый турган «Улуу талаа инсандары» аттуу илимий-популярдуу серияларды чыгарып, таркатуу иштерин системалаштыруу жана жандандыруу зарыл. Бул багытта казакстандык окумуштуулар менен катар чет элдик адистер да тартыла турган эл аралык көп тармактуу уюм курууга болот. Натыйжада биздин каармандарыбыздын өмүрү менен кызматы жөнүндө өлкөбүздөгүлөр гана эмес, чет элдиктер да кабардар болот.

3. Түрк дүйнөсүнүн генезиси

Казакстан – бүткүл түрк элдеринин касиеттүү «Ата түндүгү». Бүгүнкү казактын кең талаасынан дүйнөнүн ар тарабына тараган түрк тектеш уруулар менен элдер башка элдер менен аймактардын тарыхый процесстерине көрүнүктүү салымдарын кошушкан. Ушуга байланыштуу, «Түрк цивилизациясы: түп-тамырынан азыркы заманга чейин» аттуу долбоорду колго алуу керек. Бул долбоор алкагында 2019-жылы Астанада “Түркологдордун дүйнөлүк конгрессин” жана ар түрдүү элдердин музейлеринин экспозицияларына байыркы түрк эстеликтери коюла турган “Түрк элдеринин маданий күндөрүн” уюштуруу керек. Ошондой эле, Википедиянын үлгүсүндө Казакстандын модераторлугу менен Түрк элдеринин орток чыгармаларынын бирдиктүү онлайн китепканасын түзүү да маанилүү. Ошону менен катар жаңы облус борбору катары Түркстанды өнүктүрүү багытында анын эл аралык аренадагы беделин системалуу түрдө арттыруу кажет. Казакстандын байыркы борбору өлкөбүздүн руханий борбору гана эмес, ошондой эле, бүткүл түрк дүйнөсү үчүн ыйык жер болуп саналат.

4. Улуу талаанын байыркы өнөр жана технологиялар музейи

«Улуу талаа» аттуу байыркы өнөр жана технологиялар музейин ачууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ага алдыңкы өнөр менен технология үлгүлөрүн – жаныбар стилинде жасалган буюмдарды, «Алтын адамдын» курал- жарактарын, жылкыны колго үйрөтүү, металлургияны өнүктүрүү, курал- жарак, соот-шайман жасоо процессин чагылдыра турган нерселерди жана башка да эстеликтерди коюуга болот. Анда Казакстан жеринен табылган баалуу археологиялык эстеликтер менен археологиялык комплекстердин экспозициялары коюлат. Бул нерселер тарыхый доорлордун ар кандай мезгилиндеги ар түрдүү чарбачылык тармактарынын өнүгүү процессин чагылдырат.

Ошону менен катар, «Улуу талаанын улуу цивилизациялары» аттуу жалпы улуттук тарыхый реконструкциялар клубун түзүп, анын негизинде Астанада жана Казакстандын башка аймактарында байыркы сактар, гундар, улуу түрк кагандарынын доору жана да башка темалар боюнча фестивалдарды өткөзүүгө болот. Буга кызыккан адамдарды тартып, ушул темалардын алкагындагы иштерди бир мезгилде жүргүзүүгө болот. Байыркы Отрар шаарынын бир катар объекттерин – үйлөрү менен көчөлөрүн, коомдук жайларын, суу түтүктөрүн, шаар чебинин дубалдары менен дагы да башка жерлерин белгилүү бир өлчөмдө кайра калыбына келтире турган туристтик долбоор да кызыктуу болмок. Ушунун негизинде билимди жогорулатууга жана туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуусу керек.

5. Талаа фольклору менен музыкасынын миң жылы

Бул долбоор алкагында биз «Талаа фольклорунун антологиясын» түзүүбүз керек. Мында Улуу талаа мураскерлеринин өткөн миң жылдыктагы элдик оозеки адабиятынын тандамал үлгүлөрү – жомоктору, уламыштары, легендалары менен эпостору жыйналат. Ошону менен катар казактын комуз, домбра, сыбызгы, саз сурнай жана башка салттуу музыкалык аспаптары менен аткарылган маанилүү чыгармаларынын топтомун – «Улуу талаанын байыркы күүлөрү» жыйнагын басып чыгаруу зарыл. Улуу талаанын фольклору менен күүлөрү заманбап цифралык форматта «жаңы дем» алууга тийиш. Бул долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу үчүн көчмөндөрдүн бай мурасын системалаштырууга гана жөндөмдүү эмес,ошондой эле, анын актуалдуулугун арттыра ала турган ата-мекендик жана чет элдик кесипкөй адистерди тартуу маанилүү. Биздин маданиятыбыздын негизги сюжеттеринде, каармандары менен күүлөрүндө чек ара болбойт, ошол себептен улам аны системалуу түрдөиликтеп, бүткүл Орто Евразия мейкиндиги менен бүткүл дүйнөдө даңазалоого тийишпиз.

Оозеки жана музыкалык салтты жаңыртуу азыркы замандын аудиториясына жакын жана түшүнүктүү форматта болуусу керек. Тактап айтканда, көөнөргөн сөздөр менен тексттерди сүрөттөрү менен кошо берүүгө, айкын видеоматериалдар түрүндө сунуштоого болот. Музыкалык добуштар менен күүлөр табигый аспаптар менен гана эмес, алардын заманбап электрондук нускалары аркылуу да чыгарылат. Ошону менен катар фольклордук салттын орток тарыхый негиздерин иликтөө үчүн Казакстандын түрдүү аймактары менен башка элдерге бир нече изилдөө экспедицияларын уюштуруу кажет.

6. Тарыхтын киноискусство менен телевидениедеги көрүнүшү

Азыркы замандагы элдердин тарыхты таанып-билүүсүндө киноискусство өзгөчө орунда турат. Жалпы элдин аң-сезимине таасир этүү жагынан тасмалардагы жаркын кинообраздар капиталдуу илимий монографиялардагы даректүү портреттерге караганда маанилүүрөөк роль аткарат. Андыктан тез арада Казакстандын цивилизациясынын тарыхынын үзгүлтүксүз өнүгүүсүн чагылдыра турган даректүү тасмалардын, телевизиондук сериалдар менен толук метраждуу көркөм картиналардын атайын циклин өндүрүшкө киргизүү абзел. Аталган долбоорлор кеңири эл аралык кызматташтык алкагында ата-мекендик жана чет элдик мыкты сценаристтерди, режиссёрлорду, актёрлорду, продюсерлерди жана заманбап кино өндүрүшүнүн башка адистерин тартуу аркылуу ишке ашырылууга тийиш. Кызыктуу жана мелодрамалык күүлөр менен катар, көрөрмандар үчүн таанымал фэнтези жана чытырман (татаал) сюжеттүү блокбастерлердин элементтерин кошуп, жаңы тарыхый теле-киночыгармалардын жанрларын болушунча кеңейтүү кажет. Ушул максатта Улуу талаанын бай мифологиялык жана фольклордук материалдарын пайдаланууга болот. Улут каармандарын үлгү тутуу көндүмүн калыптандырууга шарт түзө турган сапаттуу балдар тасмалары менен мультипликациялык сериалдарды талап кылган жеткинчек, өспүрүм муундун да талаптарына жана табитине айрыкча көңүл буруу керек. Биздин даңктуу баатырларыбыз, ойчулдарыбыз менен эл башкаруучуларыбыз – Казакстан гана эмес, бүткүл дүйнөгө өрнөк болууга татыктуу инсандар.

КОРУТУНДУ

Мындан бир жарым жыл мурун менин «Келечекке багыт: руханий жаңылануу» аттуу программалык макалам жарыкка чыккан. Жогоруда аталган долбоорлорду «Руханий жаңылануу» программасынын уландысы катары көрөм.

«Руханий жаңылануу» жалпы улуттук программасынын жаңы компоненттери ата-бабаларыбыздын көп кылымдык мурасынын цифралык цивилизация шарттарында түшүнүктүү болуусун жана суроо-талапка дал келүүсүн камсыздап, аны жаңыртууга мүмкүнчүлүк берет.

Өз тарыхын билген, баалаган жана аны менен сыймыктанган элдин келечеги кең болот деп ишенемин. Өтмүшү менен сыймыктанып, бүгүнкүсүн даана баалай билүү жана келечекке оң көз караш менен кароо – элибиздин ийгиликтүү болушунун кепилдиги мына ушу.


Ай:
Жыл:

Тізімге қайта оралу

Оқырмандарға

Биография /

Барлығы